Финпол ​“Манас” аэропортунан Албек Ибраимовдун тушунда 5 млн доллар чыгарылып кеткенин аныктады

  • 5 лет мурун

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы “Манас” аэропортунан оффшор компаниясынын жардамы менен 5 млн доллар чыгарып кетүү фактысын аныктады.

Бул тууралуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (финпол) басма сөз борбору билдирди.

Тергөө «Манас” аэропортунда жооптуу кызматта иштеп тургандар 2014-жылы “Отун борбору” аттуу дээрлик банкрот болгон фирманын 100 % акциясын 5 млн долларга сатып алганын белгиледи. Ал фирма “Манас” аэропортунун аймагында жайгашкан.

Финполдун басма сөз катчысы Анастасия Пискур мындай деди:

— Тергөөнүн жүрүшү жетекчи кызматкерлер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кылмыштуу келишим түзгөнүн, жеке кызыкчылыгын көздөгөнүн аныктады,- деди Пискур.

Финполдун өкүлү белгилегендей, акциялардын баасы ал кезде 5 миллион доллар эмес, 100 миң сом гана болчу.

Тергөө ошондой эле оффшор компаниясы аркылуу 5 млн долларды “Б.А.Т.” аттуу АКШ жараны алгандыгын аныктаган.

30-сентябрда“Манас” авэропортунун юридикалык бөлүмүнүн башчысы “Б.М.” кармалып, Бишкектин убактылуу жайына камалган. Ага 205-берене боюнча кылмыш иши козголду.

2013-2016 жылдары “Эл аралык “Манас” аэропорту” ачык акционердик коомун Албек Ибраимов башкарып турган.

Кийин Бишкектин мэри болуп иштеген Албек Ибраимов 2018-жылы камакка алынган.

Албек Ибраимов Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу«Дастандын» жетекчиси кезинде 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Солнечный берег» пансионатын сатууда 152 миллион сомдук зыян келтирген жана жер бөлүүгө тиешеси бар деп айыпталууда

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы болгон Ибраимов ага козголгон кылмыш иштерин куугунтук катары эсептеп келет. Ал УКМКнын Тергөө абагында кармалууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты