​Административдик-аймактык реформанын Латвия тажрыйбасы

  • 5 лет мурун

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов башында турган кыргыз делегациясы Латвия премьер-министри Артурс Кришьянис Кариньш менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоого, административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө, өлкөнү санариптештирүүгө байланыштуу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана күчтөндүрүүгө багытталган маселелер талкууланды.

Кыргыз делегациясынын курамына Жогорку Кеңешинин депутаттары Канат Керезбеков, Акылбек Жапаров, Таабалды Тиллаев жана тармактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты