Андрей Малахов айткан сөзү боюнча Кыргызстандагы нааразылыкка жооп кайтарды

  • 5 лет мурун

Орусиялык журналист Андрей Малахов “Россия 1” каналындагы кырсыкка кабылган кыргызстандык жигит тууралуу айткан сөзү боюнча Кыргызстандагы нааразылыкка жооп кайтарды.

Малахов өзү жетектеген “StarHit” журналына “алып баруучунун жеке ою демократиялык Кыргызстандын жарандарынын ушундай нааразылыгын жаратарын күтпөгөнүн” билдирген.

Ал акыркы күндөрү “Андрей Малахов. Прямой эфир” программасына 20 миңден ашык билдирүү келип түшкөнүн жазды.

Журналист мыйзам бузуу жана кылмышкерлердин улуту жана жарандыгы болбосун белгилеп, кыргыздарды жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана сүрөтчү Семен Чуйковдун чыгармаларынан эле таанып тим болбостон, жеке тааныштары да бар экенин билдирген.

Малахов анын сөзүн айрым кыргыздар туура эмес түшүнүп калганына өкүнөрүн кошумчалаган.

“Мен тынчтык, коңшулар менен жакшы мамилени жана адилеттик, сөз эркиндигин колдойм” деп жазган журналист.

Андрей Малахов алып барган «Россия 1» телеканалынын 24-сентябрда чыккан «Прямой эфир» телеберүүсүндө, Москвада такси айдап иштеп жүрүп жол кырсыгына кабылган жигиттин аракеттерине баа берип, аны айыптаган пикирлер айтылган.

Буга байланыштуу кыргызстандык Интернет колдонуучулар нааразы болуп, «Малахов кечирим сурасын» деген акцияны башташкан.

Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги орусиялык журналист Андрей Малаховдун айткандары боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчисин чакырып, чочулоосун билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты