ТИМ: Малаховдун айткандарына байланыштуу Россия элчилигинин өкүлү чакыртылды

  • 5 лет мурун

Тышкы иштер министрлиги «Андрей Малахов менен түз эфир» аттуу теле берүүсүндө Андрей Малаховдун Россияда жол кырсыгына кабылган Исламбек Акбаров тууралуу айткандарына байланыштуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлүн, кеңешчисин чакырганын билдирди.

КР ТИМ өкүлү РФнын өкүлүнө Малаховдун телеберүүдө айткандары кыргыз коомчулугунун нааразылыгын туудурганын айтып. мындай мамиле эки өлкөнүн кызматташтыгына доо кетирээрин эскертти.

Андрей Малахов алып барган «Россия 1» телеканалынын 24-сентябрдагы «Прямой эфир» телеберүүсүндө, Москвада такси айдап жүрүп жол кырсыгына кириптер болгон 23 жаштагы Исламбек Акбаровдун аракеттерине баа берип, аны кылмыш кылды деп айыптаган пикирлер айтылган.

«Бир кепеде бештен жатып, он доллардан айлык алган, кишинин галстукчан адвокаты бар». «Ал мурдун тарта албаган неме эки ай мурун эле такси айдоого киришкен». «Мындайларга 100 миң доллар берип койсоң, бүт үй-бүлөсүн, бүт айылды, бүт туугандарын багат, мындай акчаны өмүрүнүн аягына чейин таба албайт» деп, алдын-ала эле ал жол кырсыгын акча үчүн атайын жасады деген кине койгон жана келекелеген.

Орусиялык миллиардер Владимир Марусовдун жана анын мурдагы жубайы Татьяна Марусованын уулу Александр мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатканда автоунаасы менен алдынан чыга калып, жол кырсыгына себепкер болгон. Кагылышуудан улам орус жараны Александр Марусов катуу жаракат алып, мерт болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты