​Франциянын экс-президенти Жак Ширак дүйнөдөн өттү

  • 5 лет мурун

86 жаш курагында Франциянын экс-президенти Жак Ширак дүйнөдөн өттү.

Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Франс Пресс агенттигине шилтеме берип билдирди.

Аталган агенттик Жак Ширактны күйөө баласы Фредерик Сала-Бару бул кабарды билдиргенин жазды.

Франциянын улуттук жыйынында экс-президентти бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.

Жак Ширак өлкөнүн түштүгүндө туулган. Окуп жана аскерде кызмат өтөгөндөн кийин ал саясат менен алектене баштаган.

1977-жылы Париждин мэри болгон. 1986-жылы премьер-министр болуп дайындалып, өлкөнүн тарыхында экинчи ирет премьер-министр болгон саясатчы эсептелген.

1995-жылы Жак Ширак Франциянын президенти болуп шайланган. Ал өлкөнү 12 жыл башкарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты