Чотоев: «Мечит салууга чектөө киргизүү чечиле элек»

  • 5 лет мурун

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин орун басары Замир Чотаев парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, мечит курууга чектөө киргизүү маселеси көтөрүлгөнүн айтты:

-Бул суроо боюнча Коопсуздук кеңешинин катчылыгы диний жайлардын курулушун иретке келтирүү жана чектөө киргизүүнү сунуш кылган. Эгерде көп болуп жатса, аймакта жашагандардын санына карап чек коюу айтылган. Бирок бул маселе чечиле элек,- деди.

Чотаев өлкө боюнча 2 669 мечит каттоодон өткөнүн маалымдады. Каттоодон өтө элек мечиттердин так саны 300гө жакын.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты