USAID Кыргызстандын мектептерине 400 миңге жакын китеп тапшырды

  • 5 лет мурун

АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча USAID агенттигинин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында даярдалган китептерди Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп берүү салтанаты бүгүн 26-сентябрда Улуттук компьютердик гимназияда өтөт.

Долбоордун адиси Улукбек Аданбаев:

— Бул китептер сабакта колдонулуучу эмес, кошумча окуу жөндөмдөрүн жакшыртууга багытталган жомоктордон турган, абдан сапаттуу, сүрөттөрү кызыктуу, балдарды окуганга кызыктыра турган мыкты китептер. Дагы бир өзгөчөлүгү — классификация деген маанилүү аспаптан өткөн. Балдардын жашына жана окуганды бат түшүнүү деңгээлине жараша бөлүнгөн.

«Келгиле, окуйбуз!» деп аталган төрт жылдык долбоордун максаты – өлкө боюнча башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмүн өркүндөтүү.

Жалпы бюджети 9,9 миллион доллар. USAID 2020-жылга чейин Кыргызстандын мектептерине 1 миллион 200 миң китеп тапшырууну көздөйт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты