Президент билим берүүнү өз колуна алат

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри болгон Каныбек Исаковдун антын кабыл алды.

Мамлекет башчысы жаңы министр берген антынын маанисин терең түшүнүп, элге, мамлекетке жан дили менен иштеп берет деген ишеними бар экенин айтты.

Жээнбеков, андан сырткары, билим берүү тармагындагы айрым көйгөйлөрдүн себеби эмнеде болуп жатканына токтолду.

«Буга чейин билим берүү министрлигине сын-пикирлер арбын айтылып келди. Билимдин сапатына, сабактардын көлөмүнүн көптүгүнө, китеп басып чыгаруунун кемчиликтерине нааразылыктар көп болду. Бул тармакка бөлүнгөн акча каражаттары жылдан жылга көбөйүп жатат. 1-октябрдан тартып мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көбөйдү. Бирок, билим берүү тармагына каражат көбөйгөнү менен, тилекке каршы, эл талап кылгандай, абал оңолуп кеткен жок. Бул министрликтин жетекчилигинин аракети, адамдык фактордун абдан көп таасиринен болуп жатат. Ошондуктан, жаңы министрдин жоопкерчилиги, ага артылган жүк жана ишеним чоң», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты