​Борбор Азияда уран калдыктарын реабилитациялоо трасттык фондуна Норвегия колдоо көрсөттү

  • 5 лет мурун

24-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун башкы ассамблеясынын 74-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Норвегия королдугунун тышкы иштер министри Ине Эриксен Серейде айым менен жолугушуусу болуп өттү.

Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти билдирди.

Тараптар КР ТИМ башчысынын 2019-жылдын январында Норвегияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулады .

Борбор Азиядагы уран калдыктарын реабилитациялоо боюнча трасттык фонддго Норвегиянын финансылык колдоосу үчүн кыргыз тарабы ыраазычылык билдирди жана радиациялык коопсуздук маселелеринде ийгиликтүү кызматташтыкты улантууну белгиледи.

Тараптар экономикалык өз ара аракеттенүүнү жана норвегия базарына Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну күчөтүү маанилүүлүгүн белгилешти.

Бул максатта Кыргызстандан чыккан товарларды Норвегияга импорттоо боюнча Норвегия тарабы 2019-жылдан тартып атайын преференциялык статус берди.

Сүрөт: Маалымат департаменти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты