​Жогорку Кеӊеште билим берүү жана илим министри ант берди

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеӊеште билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Ант берүү аземине Президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Ал жаӊы өкмөт мүчөсүн ант берүү аземи менен куттуктоо менен бирге, ага чоӊ жоопкерчилик тагылып жатканын эске салды.

Ал министрди берген антын так аткарып, мамлекеттин жана жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты