​Пакистан CASA-1000 келишимин өзгөртүүгө чакырууда

  • 5 лет мурун

Пакистан өкмөтү Кыргызстан менен Тажикстанды электр энергиясын эки тараптуу сатууга мүмкүнчүлүк ача турган CASA-1000 келишиминдеги пункттардын бирин толуктоого чакырды.

Бул тууралуу The News басылмасы Пакистандын энергетикалык мекемесинин өкүлү Васим Мухтарга шилтеме берүү менен билдирди.

Азыркы келишим боюнча Пакистан Кыргызстан менен Тажикстандан жай мезгилинде 1000 МВт электр энергиясын сатып алууга милдеттенме алган. Электр кубатынын ар бир кВт сааты 9,50 центке бааланган.

Эгер Пакистандын сунушу колдоо тапса, Исламабад кыш мезгилинде ашып калган электр энергиясын кайрадан Кыргызстан менен Тажикстанга сатат.

CASA-1000 – эл аралык долбоор, 2016-жылы Дүйнөлүк банктын колдоосу менен башталган. Анын наркы 1 млрд. 100 млн. долларга бааланууда.

Долбоорго ылайык, Түштүк Азия өлкөлөрү жогорку чыңалуудагы линиянын жардамы менен Кыргызстан жана Тажикстандан жыл сайын 5 миллиард кВт саат электр энергиясын сатып алат.

Биринчи этапта Кыргызстан менен Тажикстандын электросистемасын бириктире турган 477 чакырым узундуктагы «Датка — Хожент» жогорку чыңалуудагы электр линиясы курулат. Андан соң Тажикстандан Ооганстанга, андан ары Пакистандын Пешавар шаарына чейин 750 чакырым узундуктагы электр линиясын куруу пландалууда.

Долбоор боюнча Ооганстан 300 МВт, Пакистан 1000 МВт электр энергиясын сатып алат. Пакистандык The News басылмасы билдиргендей, Пакистанды электр кубаты менен камсыздоо боюнча милдеттенме аткарылбаса, Исламабад Тажикстан менен Кыргызстандан компенсация талап кылуу укугуна ээ.

CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу үчүн Тажикстан 314 млн, Кыргызстан 209 млн, Ооганстан 354 млн, Пакистан 209 млн. доллар инвестиция тартышы керек.

Тажик өкмөтү Дүйнөлүк банк, Европа реконструкция жана өнүгүү банкы, Европа инвестициялык банкы менен 235 млн. долларга келишим түзгөнүн билдирүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты