​Министр Каныбек Исаков Таластагы мектептер менен таанышты

  • 5 лет мурун

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Талас районундагы билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышты.

Райондогу 100 окуучуга ылайыкташкан Балбал орто мектебинде 200 окуучу окуйт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2015-жылы мектепти авариялык абалда деп эсептеген. Ошол жылы мектептин пайдубалы тургузулган. Бирок андан бери курулуш токтоп калган.

Министр окуу жайдын курулушун жандантууну 2020-жылдын бюджетинин эсебинен ишке ашыруу планы бар экенин билдирди.

Исаков андан кийин Казак Момункулов орто мектебине барды. Билим берүү мекемесине 2018-жылы “Манас” лицей-интернаты кошулган. Интернатка быйыл дагы 50 окуучу кабыл алынып, класстык бөлмөлөр жатаканага бөлүштүрүлгөн. Лицей-интернат өзүнчө жатакана корпусуна муктаж.

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты