Улуттук көчмөндөр оюну: Көкбөрүдө чүйлүктөр биринчи орунду ээледи
- 5 лет мурун
Таласта өтүп жаткан улуттук көчмөндөр оюндарында Чүй облусунун командасы көкбөрү боюнча мелдеште биринчи орунду ээледи.
Алар Ош облусунун командасын 14:1 эсебинде жеңип алды.
Ал эми үчүнчү орунду Талас облусунун командасы багындырды.
16-21-сентябрда Талас облусунда улуттук көчмөндөр оюндары өтүп жатат.
Оюндун маданий бөлүгү – этношаарча, этнобазар жана башкалар – «Манас Ордо» комплексинин аймагында, ал эми спорттук ат оюндары Алканов атындагы ат майданда, күрөштүн түрлөрү боюнча – «Газпром» дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.
Сүрөт : Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги.
Муну бөлүшүү