Кыргыз улуттук университетинде кыргыз тилинин абалы боюнча тегерек стол өттү
- 5 лет мурун
Бүгүн, 20-сентябрда, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетинде кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата «Илимий иштердин мамлекеттик тилде жазылуу абалы» аттуу тегерек стол ѳттү.
Иш-чара факультеттин деканы, профессор Бакыт Жайлообаевдин куттуктоо сөзү менен ачылып, 2-курстун студенти Гүлжигит Кубанычбековдун «Манас» эпосунан үзүндү айтуусу менен башталды.
КУУнун проректору, профессор Садык Тиллебаев тегерек столдун катышуучуларын мамлекеттик тилдин 30 жылдык майрамы менен куттуктады.
Аталган иш-чараны кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, доцент Гүлмира Абдразакова алып барды.
Иш-чарага Ж.Баласагын атындагы КУУда кыргыз тилинде илимий иштерди жазгандар жана окуу китептердин авторлору, окумуштуу- профессорлор жана студенттер катышты.
Тегерек столдо мамлекеттик тилди жайылтууну жакшыртуу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.
Айгүл Молдоканова
Сүрөт: Социалдык тармактардан.