Катар мамлекетиндеги көргөзмөгө кыргыз компаниялары катышууда

  • 5 лет мурун

Доха шаарында 19-сентябрдан тартып эл аралык “Open Fair Souq 2019” көргөзмө-жармаңкеси өтүүдө. Ага кыргызстандык «Маңыз» жана «Gimnili» компаниялары катышып жатышат.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Көргөзмө 1-октябрга чейин уланат.

Эл аралык көргөзмө-жармаңке “Maraya Exhibition and Conferences” компаниясы аркылуу жыл сайын өтүп турат.

Кыргыз компаниялары көргөзмөнүн конокторунун арасында популярдуу болгон ар түрдүү бал сортторун жана кургатылган мөмө-жемиштерди көрсөтүштү

Сүрөт: Маалымат департаменти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты