​Мадумаров: “Эгерде Тажикстан келишимди сактабай жатса, Кыргызстан дагы сактоого милдеттүү эмес” (Видео)

Бүгүн, 18-сентябрда, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын башчысы Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө журналисттер менен Мадумаровдун тарапташтарынын ортосунда чыр чыкты. Мадумаров “Тажикстанга өтүп кеткен жерлерге кол коюуга сиздин тиешеңиз барбы?” деп суроо берди. Ага “Күн сайын түрдүү протоколдор кабыл алынып жатат. Кабыл алынган токтомдордун баары эле күчүнө кире бербейт”деп жооп берди.

Ал эми чырды чечүү жолу катары “Эгерде Тажикстан келишимди сактабай жатса, Кыргызстан дагы сактоого милдеттүү эмес” деп билдирди.

Журналисттер маалымат жыйын өткөрүп жаткан соң, бардык суроолорго так жооп берүүгө милдеттүүсүз деген талаптарын айтышты.

Мадумаровдун тарапташтары менен журналисттердин ортосунда чыр чыгып, “Next Tv” телеканалынын журналистин күч колдонуп сыртка чыгарышты.

Адахан Мадумаров кечээ Баткен окуясы боюнча видео-билдирүү жасаган эле.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан 41 жаштагы кыргыз чек арачысы курман болду. Бир канча киши жаракат алды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна барды. Учурда кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү улантылып жатат.

Кененирээк видеодо:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты