​Россия Борбор Азияда коопсуздукту камсыздоого багытталган аскер машыгууларын баштады

  • 5 лет мурун

16-сентябрда Россия куралдуу күчтөрүнүн жыл сайын өтчү «Борбор-2019» деп аталган командалык машыгуулары башталды.

21-сентябрга чейин улана турган машыгууларга Кытай, Индия, Пакистан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын күч түзүмдөрү дагы катышат.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул жолку машыгуулардын негизги бөлүгү Борбордук аскердик округда өтөт.

Россиянын Коргоо министрлиги кабарлагандай, машыгуулар маалында «эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө жана Борбор Азия стратегиялык багытында коопсуздукту камсыз кылууда коалициялык мамлекеттердин күчтөрүн колдонуу» маселелери каралат.

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу машыгуулар үчүнчү өлкөлөргө эмес, терроризмге каршы күрөшүүгө гана багытталганын билдирди. Бирок «Аскердик өнөр-жай курьери» басылмасы сценарийге ылайык, машыгуулар биринчи кезекте «армия армияга каршы» деген классикалык аскердик аракеттерге багытталып, анда каршылаштардын агрессиясын (анын ичинде авиациялык-ракеталык соккуларды) токтотуу жана контрчабуулга өтүү ыкмалары кайталана турганын жазды.

«Ведомости» гезитинин кабарлашынча, машыгуулар сегиз полигондо жана Каспий деңизинде өтөт. Анын негизги максаты — «Борбор Азия аймагындагы ыктымал агрессиянын алдын алуу» болуп эсептелет.

Америкалык Jamestown Foundation аналитикалык борборунун маалыматына караганда, машыгууларга 128 миң адам, 20 миң техника жана курал-жарак, 600 учак жана тик учак, ошондой эле 15 аскердик кеме тартылат.

Борбор өз баяндамасында белгилегендей, бул машыгуулар «терроризмге каршы аракеттерге эмес, көбүрөөк мамлекеттер аралык согушка даярдык катары көрүнүүдө».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты