Жергиликтүү шайлоолорго аял талапкерлерди тартуу керек
- 5 лет мурун
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы 86 айыл өкмөтүнүн ар бир бешинчисинде бир да аял шайланган эмес.
“Айыл кеңештерине шайлоолор боюнча” мыйзамга өзгөртүү киргизүү, жергиликтүү кеңештерде 30 % аялдар менен камсыздоо боюнча иш жүргүзүлгөн.
Анын натыйжасында 2019-жылдын 8-августунда жергиликтүү кеңештерде аялдардын 30 % квотасын камсыздоо боюнча мыйзам кабыл алынган.
-20-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кенешине шайлоолор болот. Ошого байланыштуу аялдарды жергиликтүү шайлоолордо талапкерлигин коюуга үндөө керек.Болбосо, ушундай темп менен 2020-жылы айылдык кеңештерде айыл депутаттарынын саны 2% гана болуп калат,-деп билдирди аялдарга көмөк көрсөтүү борбору.
Муну бөлүшүү