Суусамырда арпасын ала албай калгандарга жардам берилет

  • 5 лет мурун

Кубатбек Боронов Өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Суусамыр өрөөнүндө арпанын түшүмүн оруп-жыюуга жетишпей калган дыйкандарга жардам берилерин белгиледи.

10-сентябрда, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитет жыйынында депутат Тынчтыкбек Конушбаев Суусамыр өрөөнүндөгү абал тууралуу айтты.

Депутаттын айтымында аталган аймакта 8-9-сентябрь күндөрү жааган жамгыр карга айланып ,5000 гектар аянттагы дан эгиндери кар алдында калган.

Ошондой эле 10-сентябрда болгон катуу шамалдын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы жана Ак-Суу районундагы турак жайлар жана чарбалык жайлар зыянга учурады.

Каракол шаарында 49 турак жай, Ак-Суу районунда 9 үй зыянга учурады. Мындан тышкары айрым чарбалык жана административдик имараттар зыян тартты.

«Учурда келтирилген чыгым эсептелүүдө. Турак жайы камсыздандырылган жарандар жакынкы арада тийиштүү төлөмдөрдү ала алат. Муну менен катар табият кырсыгынан мүлкү зыянга учураган жарандарга насыя боюнча мөөнөтүн жылдыруу маселесин коммерциялык банктар менен иштеп чыгуу керек», — деп белгиледи биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов. .

Боронов ошондой эле бийик тоолуу аймактардагы жолдор менен каттай турган айдоочулар автотранспорт каражаттарынын техникалык даярдыгына жана коопсуздук чараларын сактоого өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.

Сүрөт: 8-9-сентябрда Суусамырда. Интернет колдонуучулардыкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты