Сергей Лавров Сирияда согуш аяктаганын билдирди
- 5 лет мурун
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Труд” гезитине берген интервьюсунда Сирияда согуш аяктаганын билдирди:
– Сириядагы согуш чындыгында эле аяктады. Өлкө акырындык менен тынч, жай турмушка кайтууда. Сирия өкмөтүнүн көзөмөлүндө эмес айрым аймактарда, маселен, Идлиб жана Евфрат дарыясынын чыгыш жээгинде гана чыңалуу очоктору сакталууда, -деди ал.
Лавровдун айтымында, азыр башкы максат – өлкөдөгү саясий кризисти жөнгө салуу жана гуманитардык жардам көрсөтүү.
Муну бөлүшүү