​Жалал-Абадда мушташта жабыркаган Мунарбек Бекишов көз жумду

  • 5 лет мурун

Жалал-Абадда балдар тарабынан сабалып, катуу жабыркаган 26 жаштагы Мунарбек Бекишов көз жумду.

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

9-сентябрдан 10-сентябрга караган түнү 26 жаштагы Мунарбек Бекишовду жаш балдар катуу сабап салган. Анын айынан абалы катуу болуп, ооруканада жаткан. Бүгүн, 13-сентябрда, Бекишов каза болуп калды.

Кылмышка шектелип 10-сентябрда 1997-жылы туулган А.Т жана А.А., 12-сентябрда Т.У. жана С.А. кармалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты