​Жээнбеков Япониянын элчиси Ёсихиро Ямамураны кабыл алды

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамураны дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма соз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы Япониянын элчисине өз ара ишеним жана урматтоого негизденген кыргыз-япон мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстан Япония менен болгон ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Бул жылдары биз өз ара пайдалуу кызматташууну бекемдеп, кеңейте алдык. Япония Кыргызстанга демократиялык баалуулуктарды жылдыруу максатында гранттык, кредиттик жана техникалык жардам берип келет» деп белгиледи Жээнбеков.

Элчи аткарган жумушу тууралуу кыскача айтып берип, JICA япон эл аралык кызматташуу агенттигинин «Бир айыл — бир азык» долбоору эми Ысык-Көл облусунда гана эмес, өлкөнүн бардык облустарында ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма соз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты