​Текебаев менен Чотоновдун иши: Кайра кароо боюнча сот отуруму 1-октябрда улантылат

Биринчи май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча сот отуруму башталды.

Сотту Айнура Сатарова алып барууда.

Сотто адвокат Таалайгүл Токтакунова сот отурумуна Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жана Жогорку Кеңештин кызматкерлерин күбө катары чакырууну суранды.

Адвокаттын айтуусунда, айыптоо корутундусунда 2010-жылдын 13-майында Леонид Маевский, Алексей Модин, Дүйшөнкул Чотонов жана Таалайбек Маматкеримов Жогорку Кеңеште № 306 кабинетте Өмүрбек Текебаев менен жолугушканы жазылган.

Өмүрбек Текебаев ал кезде Леонид Маевскийге “Альфа телекомдун” акциясын сунуштаган деп айтылган.

Бирок президенттин иш башкармалыгы май айында ал кабинетте ремонт болгонун билдирген.

№306 кабинетте ошол кездеги убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев отурган.

Ошол себептүү адвокат сотко Жогорку Кеңештин мурдагы аппарат башчысы Касмамбетовду, убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Каптагаевди, Сарпашевди, Момуналиевди, Бакетаевди, Нышановду, Өмүркуловду жана ж.б. тиешелүү күбөлөрдү чакырууну өтүндү.

Өмүрбек Текебаев адвокаттардын сунушун колдойм деди. Кыргызстандын мыйзамдарында адамды кылмышка айыпташ үчүн кылмыштын ордун, качан, кайда болгонун аныкташ керектиги айтылган.

Маевский менен жолукту деген №306 кабинет Текебаевдики деп жазылган. Бул ачыктан-ачык-фальсификация. Кыргызстандагы бүт чиновниктер муну билет. Убактылуу өкмөттө иштегендерди чакырыш керек. Иштин чын-аныгын аныкташ үчүн булардын көрсөтмөсү чечүүчү роль ойнойт деп билдирди.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов аларга коюлуп жаткан айыптар менен макул эместигин билдиришти.

Текебаев өзүн толук күнөөлүү эместигин билдирди. “Ал фальсификацияланган иш, жалган жалаа деди. “Мени эмнеге айыптап жатат, түшүнгөн жокмун. Мамлекетке бир тыйын зыян келтирген жокмун, Маевскийге бир тыйын зыян келтирбесем, кайсы кылмыш жөнүндө сөз болуш керек? Мен эмнени мойнума алышым керек? Бул коррупция, Текебаев кызмат абалынан пайдаланат деди. Бул кызматтык кылмыш болсо, тигил же бул чечимди кабыл алыш керек. Менин укугум –Конституцияны даярдоо болчу” деди Текебаев.

Дүйшөнкул Чотонов жалган жалаа менен түрмөдө отуруп келгенин билдирди. Прокурор бир далили жок сүйлөгөнүн айтты. Өзгөчө кырдаалдар министри болгонун, үч ай Ошто жатканын айтты. Бул-жалган жалаа, саясий оппоненттерди түрмөдө камап коюу үчүн жасалган иш. Айыптоо менен макул эместигин айтты.

Ишти кайра кароо боюнча биринчи отурумга күбөлөрдүн келбегенине байланыштуу сот отуруму 1-октябрга жылдырылды.

Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Өзгөчө кырдаалдар мурдагы министри Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин 29-августта, Биринчи май райондук сотунда кайра кароо жабык болгон. Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Текебаев менен Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты