​Депутат Карамушкина саясий партиялардын кызыкчылыгын сактоону суранды

  • 5 лет мурун

Депутат Ирина Карамушкина бүгүн, 12-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында саясий партиялардын жана ЖМКнын мыйзамдуу кызыкчылыктарын, алардын теңчилигин сактоону өтүндү.

“ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы КСДП партиясы жайгашкан “Форум” ишканасын камакка алды. Эгер Атамбаевге саясий куугунтук болуп жатса, бул партия ишмердигин токтотуп коюу керек дегенди түшүндүрбөйт. Анын үстүнө ал имаратта акча төлөп дагы 7 ижарачы отурат. Бирок партиянын кызматкерлери эшикке чыгарылып коюлду” деди Карамушкина.

Ошондой эле депутат “7-канал” жана “Апрель” телеканалы да мыйзамсыз камакка алынганын билдирди.

“Аны менен бийлик чындыкты айтып чыккан ЖМКны жана экс-президенттин тарапташтарын саясий куугунтукка алууну мыйзамдаштырууда. Бийлик “Теле берүү жана радио уктуруу” жөнүндөгү мыйзамды бузуп жатат. Эгер биз мыйзамды бузуп жатсак, анда мыйзамды ким үчүн жазабыз?-деди ал.

Депутат мыйзамдын 5-беренесинде маалыматтык ишмердикти цензурага алууга жол берилбей турганын белгиледи.

“Ал каналдарда күч колдонуу тууралуу уктуруу берилген эмес, оппозициянын талаптары тууралуу репортаждарды берип турган” деди депутат Карамушкина.

Карамушкина бийликти адам укугун бузууга каршы аракеттерин токтотуу талабын койду, болбосо ал БУУга кайрыларын билдирди.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Алмазбек Атамбаевге өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылууда. Анын ичинде криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотуу боюнча да шектелип жатат.

Мурдагы президент Атамбаев 26-октябрга чейин УКМКнын абак жайында камакта болот.

Атамбаевдин мүлктөрү, анын ичинде «Форум» ишканасы камакка алынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты