​Икрамжан Илмияновдун соту уланды

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун соту бүгүн улантылды.

Бишкек шаарынын Октябрь районунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун соту бүгүн, 11-сентябрда, улантылды.

Бул соттук иштин алкагында салык кызматынын кызматкери Руслан Шакировдун да иши каралган. Шакировдун адвокаты анын ооруп жаткандыгына байланыштуу Икрамжан Илмияновдун ишин өзүнчө бөлүү сунушун берди.

Мамлекеттик айыптоочу бул сунушка макул болду. Сот ал ишти бөлүп кароо маселесин чече элек.

Илмияновдун УКМК абак жайында болуу мөөнөтү 11-ноябрга чейин чейин узартылды.

Икрамжан Илмиянов 150 миң АКШ долларын мыйзамсыз алган деп коррупцияга шектелүүдө.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өткөн жылдын 20- октябрында УКМКнын тергөө абагына камалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты