​Аскер комиссары пара менен кармалды (Видео)

Аскер комиссары М.З. пара менен кармалды. Бул тууралуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматынын (финпол) басма сөз кызматы билдирди.

Аскер комиссары аскер билетин бериш үчүн 1000 доллар пара алган.

Берилген аскер билети жараксыз болуп чыккан. Арыз ээси О. Э. жараксыз билетти комиссар кайтарып алганын, бирок акчаны бербегенин билдирген.

Билет берилген учурда М.З. Тоң районунда иштеген. Кийин ал Баткен облусунун Кадамжай районунун аскер комиссары болуп которулуп кеткен.

4-сентябрда М.З. Кадамжай районунан кармалган. Ал аскер билети үчүн пара алганын мойнуна алган. Кармалган учурда анын кабинетинен ири суммадагы акча каражаты табылган.

Бул факты боюнча кылмыш иши каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иши башталды.

Видео жана сүрөт: Финпол басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты