Мирбек Окенов: «Кибернетика доорунун шарттарына жараша багыт алышыбыз керек»
- 5 лет мурун
Бүгүн, 10-сентябрда, Жогорку Кеӊеште «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы илимий-тажрыйбалык конференцияда «Улутсофт» компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов маалымат-технология доорунда кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча баяндама жасады.
Окенов «Улутсофт» компаниясы алдына кыргыз тилинде сүйлөгөн жасалма интеллектке жетишүү үчүн 4 кадам жасай турганын билдирди.
- Текстти үнгө айландыруу (2018),
- Үндү текстке айландыруу (2019),
- Тексттин семантикалык анализи (2021),
- Тексттин синтези (2023) маселеси коюлгандыгын маалымдады. Анын маалыматы боюнча, текстти үнгө айландыруу иши жүзөгө ашырылды. Үндү текстке айландыруу жыл соӊуна чейин аткарылат.
Муну бөлүшүү