​»Апрель» интернет телеканал катары иштей баштады

  • 5 лет мурун

«Апрель» телеканалы интернет телеканал катары иштей баштады.

Интернет телеканал катары жаңылыктар топтому чыгарылды

Тергөө органдары “Форум” ишканасын 9-августта жапкан. Ошону менен телеканалдын иши токтотулуп калган.

Апрель” телеканалы соттун чечими менен токтотулган. Телеканал ээси өзгөчө оор кылмыштарга айыпталып, анын мүлктөрү камакка алынган.

Телеканалдын ээси Алмазбек Атамбаев тергөө ишинин жүрүшүнө байланыштуу Атамбаев 26-августка чейин камакка алынган.

«Адилеттүүлүк үчүн» комитети «Апрель» телеканалынын жабылышын сөз эркиндигине карата басым катары баалады.

Кыргызстандын медиа уюмдары жана көз каранды эмес ЖМКсы 10-августта, “Апрель” телеканалынын жабылышына каршы, сөз эркиндигин жактап чыгышты.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат департаменти «Апрель” каналынын теле берүүсү телеканалдын ээсинин мүлкү камакка алынгандыгына байланыштуу токтотулганын, бул телеканалдын редакциялык саясаты, телеканалдын мазмуну же алардын бийликке көз карашына карата болгон жок» деп билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты