Каныбек Ботобаев жер ресурстары боюнча жаңы агенттик директору кызматына киришти
- 5 лет мурун
Каныбек Ботобаев өкмөткө караштуу жер ресурстары боюнча жаңы түзүлгөн мамлекеттик агенттиктин директору кызматына киришти.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Каныбек Ботбаевди жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы кылып дайындоо буйругуна кол койгон.
Буга чейин Ботобаев өкмөттун аппарат жетекчисинин биринчи орун басары – өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү болуп иштеп келген. Бул кызмат кызматка ушул жылдын 22-апрелинде дайындалган.
1-августтан тартын Жер ресурстары боюнча жаңы мамлекеттик агенттик түзүлгөн. Өкмөт ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатында ушундай чечим чыкканын билдирген.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү