Акпай Сарыбаев кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды
- 5 лет мурун
Акпай Сарыбаев Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 4-сентябрда кол койду.
Айнагүл Жумагулова Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору кызматынан бошотулду.
Муну бөлүшүү