​Япония элчисинин Кыргызстандагы миссиясы соңуна чыкты

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 4-сентябрда, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Япония элчиси Ёсихиро Ямамураны, анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыктын конкреттүү аспекттери талкууланды.

2017-жылы Япония Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын жакшыртууга 5,7 млн. АКШ доллары өлчөмүндө жардам бергендиги белгиленди.

2019-жылдын 17-июлунда Кыргызстан менен Япония «Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал дарыясы аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо долбооруна 16,5 млн. АКШ долларына жакын өлчөмүндөгү макулдашууга кол коюшту.

Япониянын КРдагы элчилиги билим берүү, саламаттык сактоо жана башка социалдык чөйрөлөрдөгү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган «Чөптүн тамырлары жана адам коопсуздугу» аттуу Япония өкмөтүнүн программасын натыйжалуу ишке ашырып жаткандыгы белгиленди.

Ч.Айдарбеков элчи Ё. Ямамурага кыргыз-япон мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди жана ийгиликтерди каалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты