​Алмасбек Абытов Өкмөттүн парламенттеги өкүлү болуп дайындалды

  • 5 лет мурун

Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмасбек Абытов Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Жаңы өкүлдү депутаттарга Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков тааныштырды.

Алмасбек Абытов 1966-жылы туулган, жогорку билимдүү, техника илимдеринин кандидаты, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси.

Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги жаӊы туруктуу өкүлү Өкмөттүн Аппаратына барганга чейин узак жылдар Жогорку Кеӊештин аппаратында жооптуу кызматтарда иштеген. Ал V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаты болгон.

Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги мурдагы туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаев ушул жылдын 16-июлунда каза болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты