Зарылбек уулу Алмазбек пробация департаментинин директору болуп дайындалды
- 5 лет мурун
Зарылбек уулу Алмазбек юстиция министрлигинин алдындагы пробация департаментинин директору болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Юстиция министри Марат Жамангулов жамаатка департамент директорун тааныштырды.
Зарылбек уулу Алмазбек 1975-жылы Чүй облусунун Кызыл-Дыйкан айылында туулган. Жогорку юридикалык билимдүү. Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде, Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинде, Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында иштеген.
Айта кетсек, 1-сентябрдан тартып юстиция министрлигинде пробация департаменти ишке киришти..
Муну бөлүшүү