​Касым Тыныстанов атындагы мектептин ачылыш аземи болду

  • 5 лет мурун

Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылындагы Касым Тыныстанов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземи болду.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, окуучуларды, мугалимдерди жаңы окуу жылынын ийгиликтүү башталышы менен куттуктады.

Анын айтымында, 2026 мектеп Интернетке кошулду, бул 94,7% пайызды түзөт.

Бул жылы 157 билим берүү мекемесин куруу боюнча тизме бекитилди. (111 мектеп, 10 кошумча жаңы корпус, 24 бала бакча, 11 спорт зал).

“Өкмөт 2019-жылдын октябрь айынан тарта мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көтөрөт. Биз билим берүү тармагын мындан ары да жакшыртуу үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз” деди вице-премьер-министр.

Жеңиш Разаков Өкмөттүн атынан мектеп жетекчилигине компьютердик жабдуу алуу үчүн сертификат тапшырды.

Айта кетсек, Чырпыкты айылындагы орто мектептин курулушу 2008-жылы башталган, бирок каражаттын жоктугуна байланыштуу иш токтоп, кайра 2017-жылы курулуш иши жанданган. Мектепке «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттен 63 млн сом бөлүнгөн. Окуу имараты 324 орунга ылайыкталган.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты