​Жаңы окуу жылы башталды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 2-сентябрда, Кыргызстандын мектептеринде жаңы окуу жылы башталды.

Быйыл өлкөдө 156 минден ашык бала 1-класска барат.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, биринчи класска бара турган балдардын саны боюнча Жалал-Абад облусу алдыда турат.

Бул жылы аталган аймактын 25 миң 257 баласы мектеп босогосун алгачкы жолу аттайт. Ал эми Талас облусунда эң аз санда- 10 миң 540 бала мектепке барат.

Чүйдө — 23,6 миң, Ошто — 22 миң 210, Ысык-Көлдө — 15 миң 182, Нарында — 13 миң 982, Баткенде 11 миң 443 бала үчүн алгачкы коңгуроо кагылат.

Кыргызстанда жалпы окуучулардын саны 1 миллион 300 миңге жетти. Өлкө боюнча мектептердин саны — 2 265.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты