Манас Арабаев 2-ноябрга чейин үй камагында калды
- 4 years мурун
Президенттик аппараттын сот реформасы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев 2-ноябрга чейин үй камагында калды.
Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 29-августта кабыл алды.
Манас Арабаев 2018-жылдын 15-майында кызматтан алынган.
Кызматтан алуу саясий жетекчилик жүргүзүп жаткан саясатка туура келбегендиги, саясий жетекчиликтин ишениминен чыккандыгы менен байланыштуу деп айтылган.
Улуттук Коопсуздук Комитетинин Коррупцияга каршы кызматы 3-июнда президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн экс-башчысы Манас Арабаевди кармаган.
Биринчи май райондук соту 4-июнда Арабаевдин баш коргоо чарасын карап, аны 3-июлга чейин камакта калтырган болчу.
Манас Арабаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө бергендиги маалым болгон.
Анын видеосу «Ала-Тоо-24» каналынын «Көлөкө. Инвесторлордун мүлкүнө кол салган Атамбаевдин эн жакын адамдары» аттуу фильмде айткандары жарыя болду.
Сүрөт: Интернет булактарынан.