Үсөнбек Ниязбеков (курман болгондон кийин) «Эрдик» медалы менен сыйланды

  • 5 лет мурун

Аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков «Эрдик» медалы менен (курман болгондон кийин) сыйланды.

Тиешелүү жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-августта, кол койду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

7-сентябрда Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдиь кармоо боюнча атайын операция учурунда «Альфа” атайын отрядынын командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековго ок тийип,алган жаракатынан ооруканадан каза тапкан.

Анын артында алты баласы калды, кенжеси бир жарым жашта.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты