​Мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана кодекстерге ылайыктоо иши жүрүүдө

  • 5 лет мурун

Кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларды талдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана аларды кодекстерге ылайыктоо иштери жүрүүдө.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Демилгеленип жаткан өзгөртүүлөр адам жана жарандардын укугу, укук коргоо органдарынын тажрыйбасы, жарандык коомдун эксперттик пикирлери эске алынып, соттук-укуктук реформанын концепциясын сактоого негизделди.

Жыйында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш кодексине, Жазык-процессуалдык кодексине, Жоруктар жөнүндө кодекске, Жазык-аткаруу кодексине, «Пробация жөнүндө» Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Анда Баш прокуратуранын, ИИМ, УКМК, Жаза аткаруу кызматынын, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча кызматтын, Жогорку соттун жана башка мамлекеттик органдардын сунуштары киргизилген.

Мисалга алсак, өзгөчө учурда кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганга чейин окуя болгон жерди кароого уруксат берүү.

Мындан тышкары жоруктун бетинин ачылышын камсыз кылуу максатында алгачкы текшерүүчү органдар атайын тергөө иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн жүргүзүүгө укугу бар.

Сунушталып жаткан түзөтүүгө ылайык, тергөөчү алгачкы текшерүүчү органдарга иликтөө жана тергөө иштерин жүргүзүү үчүн кат түрүндө тапшырма бере алат.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты