Чырга себеп болгон чек арадагы курулуш иштери бир жумага токтотулду
- 5 лет мурун
Кыргыз-тажик чек арасында чырга себепчи болгон курулуштар бир жумага токтотулду.
Бул тууралуу «Азаттыкка» Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймак башчысынын милдетин аткаруучу Акжол Абдуллаев билдирди.
Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде абал тынч, топтолгон эл жок. 24-августта чек ара чырынан жабыркаган милиция кызматкеринин абалы жакшы. Ал Кулунду айылынын ооруканасында дарыланууда.
25-августта Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов менен Тажикстандын чектеш Гафуров районунун жетекчиси Зариф Назири жолугушуп, шарттуу чек арага жакын аймактардагы курулуштарды убактылуу токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Алар Баткен облусу менен Согди облусунун жетекчилерине атайын сунуш кат жазып, чек ара аймагында курулуш жүргүзүү маселесин чечип берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылышкан. Маселе бир жаңсыл болгонго чейин Тажикстан тарапта да курулуш иштери токтотулду.
24-августта Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Борбордук айылында чек ара чыры катталган. 15-20 тажик жараны короосуна тосмо куруп жаткан кыргызстандыктан ишти токтотууну талап кылып, ал жер тактала элек тилке экенин айткан.
Тажикстандыктар анын курулушун буза башташкан. Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары жана милиция кызматкерлери барган. Тажик жарандары аларга таш ыргытып, колундагы куралын тартып алууга аракеттенишкен.
Абал курчуп кетпеши үчүн кыргыз чек арачылары эки жолу асманга ок атканда чогулгандар тарап кетишкен. Кыргызстан тараптан бир милиция кызматкерине жана дагы бир жаранга таш тийип жабыркаган.