Ренат Түлөбердиев жаңы кызматка дайындалды
- 5 лет мурун
Түлөбердиев Ренат Темирбекович «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды.
Тийиштүү чечимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду – «Улуттук башкаруучу компания» ААКнын бирден-бир негиздөөчүсү кабыл алды.
Эске салсак, бүгүн, 21-августта, Түлөбердиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрага кызматынан бошотулган.
Анын ордуна Жылдызбек Исакулов дайындалган.
Муну бөлүшүү