18-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
- 5 лет мурун
18-августта кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
19-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;
Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градус болот.
Бишкекте 18-19-августтарда жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 29…31° болот.
Муну бөлүшүү