Сот «Апрель» телеканалынын арызын канаттандырган жок

  • 5 лет мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-августта “Апрель” телеканалынын арызын канааттандырган жок.

Бул тууралуу телеканал сайтында жазылды.

Жаматтын айтымында, Алмазбек Атамбаев — “Апрелдин” учредители, бирок “Апрель” ЖЧКсында үлүшү гана бар экенин билдиришти.

Сот телеканалдын кеңсесине кирүүнү чектөө боюнча тергөөчүнүн аракетин мыйзамсыз деп табуу боюнча “Апрель” юристтеринин арызын канаттандырган жок.

Тергөө органдары 9-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү “Медиа форум” ишканасын жапкан. Кечинде атайын түзүмдүн жоокерлери ошол имаратта жайгашкан телекомпания офисин жапкан. Ошону менен телеканалдын иши токтотулуп калган.

«Апрель» телеканалынын юристтери Баш прокуратурага жана Биринчи май райондук сотуна ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин үстүнөн арыз беришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты