​Россияда учак авариялык абалда жүгөрү талаасына конду (Видео)

РИА Новости билдиргендей, Жуковскийге жакын жерде учак авариялык абалда конгон видеону РЕН ТВ жарыкка чыгарган.

Анда учак конгондогу ызы-чуу угулуп турат.

Бүгүн, 15-августта, Москва-Симферополь багытындагы “Урал авиалинияларынын” А 321 учагына учканда эле кыймылдаткычка ак чардактар тобу учуп кирип, кыймылдаткычтын ишин үзгүлтүк кылган.

Учактын ичинде 234 киши болгон, анын ичинде экипаждын 7 мүчөсү.

Кырсыктан улам 23 киши ооруканага жатып, бирок кайра эле коё берилди.

Бул окуя боюнча коопсуздук жана эксплуатация эрежесин сактабагандыгы боюнча кылмыш иши козголду

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты