​Сейтек Атамбаев: «7-8-августтагы окуяга баа бир же эки топтун сөзүнүн негизинде болбош керек»

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев 7-8-августтагы окуяга баа бир же эки топтун сөзүнүн негизинде берилбеш керектигин фейсбук баракчасында жазды,

«7-8-августта болгон окуяларга азыр баа берүүгө өтө эрте жана бул баа бир же эки топтун сөзүнүн негизинде болбошу керек. Буйруса, укук коргоо органдары адилеттүү изилдеп калыс жана туура баа беришет деген үмүттөмүн! Сабырдуу бололу!” деди Сейтек Атамбаев.

13-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген оор беренелер боюнча кылмыш иштери козголгон.

Андан кийин Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо, “Форум” ишканасына байланыштуу дагы эки кылмыш иши козголду.

7-8-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция болду. Анда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 136 кишиге жетти. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты. Алты жоокер барымтага алынды.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот.

Буга чейин Атамбаев Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча коррупция беренеси менен айыпка шектелип жаткан.

Сүрөт: Сейтек Атамбаевдин фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты