ЕККУ өкүлү “Апрель” телеканалынын жабылышына кабатыр болгонун билдирди

  • 5 лет мурун

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (-орусчасы ОБСЕ) ЖМК эркиндиги маселеси боюнча өкүлү Арлем Дезир бийликти “Апрель” телеканалынан камакты алып салууга чакырды.

Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Арлем Дезир телеканалдын мүлкүнүн камакка алынышына жана анын ишинин токтотулушуна кабатыр болгонун билдирет.

Уюмдун өкүлү телеканалдын иши өзгөчө жагдайга байланыштуу токтотулганын билээрин, бирок бийликти ал чечимди карап чыгууга чакырат.

ЖМКнын эркиндигин жана ар түрдүүлүгүн оор кырдаалда да сактап калуу керек деп эсептейт.

Ошондой эле саясий окуяларды чагылдырып жаткан журналисттердин коопсуздугун сактоо керек экендигин эскертет.

Тергөө органдары 9-августта “Форум” ишканасын жапты. Кечинде атайын түзүмдүн жоокерлери келип, ошол имаратта жайгашкан телекомпания офисин жапкан. Ошону менен телеканалдын иши токтотулуп калган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты