​“Апрель” телеканалынын жабылышы: Маалымат департаментинин жообу

  • 5 лет мурун

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат департаменти “Апрель” телеканалынын жабылышын мындайча комментарийледи:

“Апрель” телеканалынын мүлкү, өзгөчө оор кылмыштарга шектелип жаткан адамга тиешелүү болгондугуна байланыштуу камакка алынды.

Ал эми “Апрель” каналынын теле берүүсү телеканалдын ээсинин мүлкү камакка алынгандыгына байланыштуу токтотулду.

Бул телеканалдын редакциялык саясаты, телеканалдын мазмуну же алардын бийликке көз карашына карата болгон жок.

Өзгөчө оор кылмыштарга шектелген адамга таандык мүлк катары камакка алынды.

“Апрель” телеканалы мамлекеттик органдарды ачык сындап келген позициясы менен белгилүү.

Ал маалыматтык саясатына байланыштуу бир да жолу кысымга алынган эмес.

Ошондуктан бул маселени саясий себептерге байланыштырып карабастан, жогорудагы себептерге байланыштуу гана кароо керек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты