​»Апрель» телеканалынын жабылышы — сөз эркиндигине карата басым”

  • 5 лет мурун

«Адилеттүүлүк үчүн» комитети «Апрель» телеканалынын жабылышын сөз эркиндигине карата басым катары баалады.

Кыргыз бийлигигинин эркин жана оппозициялык маанайдагы медиага болгон кысымдары күчөп жатат. Кечээ күнкү «Апрель» телеканалынын жабылышы да буга далил.

Элдин эркин маалымат алуу укугун чектөө, альтернативдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын жабуу, аларды коркутуп-үркүтүү демократиялык өнүгүү жолун тандаган мамлекеттерге жат көрүнүш болушу керек.

«Адилеттүүлүк үчүн» комитети Кыргыз бийлигин эркин жана оппозициялык прессага болгон кысымдарын токтотууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларын сактоого чакырат.

9-августтан баштап «Апрель» телеканалы жабылды.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Тергөө ишинин жүрүшүнө байланыштуу Атамбаев 26-августка чейин камакка алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты