​Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңеш жыйыны өтөт

  • 5 лет мурун

9-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигинин катышуучу мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйыны өтөт.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны чакан жана кеңири курамда өтмөкчү.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 15 маселе киргизилген.

Анын ичинде транс чек аралык аракеттенүүгө, агрардык өнөр жай комплекстерин өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдоруна, алкоголдук рынокту жөнгө салууга, 2018-жылдагы ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүүгө байланыштуу жана башка маселелер киргизилген.

ЕАЭБ премьер-министрлери менен Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу күтүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты