​УКМК Латвияда Зилалиевдин үй-бүлөсүнө кылмыш иши козголгондугун билдирди

  • 5 лет мурун

Латвиянын укук коргоо органдары Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына «акчанын изин жашыруу» фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу Кыргыз Руспубликасынын Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул иш Зилалиевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Кыргызстанда козголгон кылмыш ишинин алкагында козголгон.

“Интерполдун Рига шаарындагы бюросунун маалыматына караганда, Зилалиевдин жубайы Латвиянын ири банктарынын биринде балдары үчүн эсеп ачкан. Бул депозиттик эсептер Жамиля, Бектур жана Алима Зилалиевдердин наамына катталган. Кийин ал эсептер аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон” деп билдирди УКМК.

КР УКМК Зилалиевдин үйүн тинтүүгө алганда баалуу буюм жана 3 млнго жакын сом, 100 миң доллар тапкан.

Дүйшөнбек Зилалиевдин эсебинде бир млн доллар бар экени аныкталган.

2010-2017-жылдары ар кыл жетекчи кызматтарда, анын ичинде КР Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору, вице-премьер, ошондой эле мамлекеттик мүлк фондунун директору болуп иштеп, өзүнүн расмий кирешесинен тышкары байлык топтогондугу боюнча айыпталууда.

Зилалиев 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынган жана УКМКнын Тергөө абагына камалган.

29-майда Баш прокуратура кылмыш ишин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берди.

Зилалиев өзүнө тагылган айыпты четке кагып, “мыйзамсыз түрдө камалганын” айтып келет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты