​Казакстанда жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү Мекенине жеткирилди

  • 5 лет мурун

Казакстандын Кызыл-Ордо облусунун Кармакшин районунда жол кырсыгынан каза тапкан беш кишинин сөөгү 3-августта Кыргызстанга жеткирилди.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Алматыдагы башкы консулдук кызматкерлерине Алматы укук коргоо органдары жана Байкоңур шаарында жашаган кыргызстандыктар көмөк көрсөтүштү.

Кармакшин райондук ооруканасында дагы үч кыргызстандык жатат. Аларды Кызыл-Ордо облустук ооруканасына которуу жагы каралууда.

Тышкы иштер министрлиги ооруканада жаткандардын саламаттыгынан кабар алып турмакчы.

Казакстанда 1-августта жол кырсыгынан Кыргызстандын беш жараны каза тапкан. Дагы үчөө жабыркап, ооруканага жатты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты